Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов жарандарды коңшу өлкөлөрдөн келген гуманитардык жардам тууралуу жалган маалымат таратпоого чакырды.
Маалымат жыйынында ал Ош облусунун Ноокат районундагы жабыркаган айылдарга Казакстандан 2,7 тонна жана Өзбекстандан азык-түлүк түрүндө 95 тонна гуманитардык жардам келгендигин баса белгиледи.
Гуманитардык жүктөрдү бөлүштүрүү боюнча тапшырмага ылайык, жүктү кабыл алуу, жеткирүү жана жергиликтүү бийликке өткөрүп берүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлгөн.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүктөрдү тизме боюнча бөлүштүрүп жатат. Бирок кээ бир адамдар маалыматты бурмалап жатышат. Алардын айтымында, гуманитардык жардамдын айрымдары жабыркагандарга, анын ичинде чатырларга да жетпей калган. Алар жиберилген эмес. Учак кичинекей болгон жана 10 куткаруучуну батыра алган жана 2,7 тонна гуманитардык жардам таратылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабыл алуу жана жеткирүү гана милдетин алат», — деди Азамат Мамбетов.
Ал белгилегендей, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги келип түшкөн гуманитардык жүк боюнча ар кандай маалыматтык суроо-талаптарга ачык жана суроолор жаралса, министрликке кайрылууну өтүнөт.
Белгилей кетсек, 28-июнь күнү Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрүп, адамдардын өмүрү кыйылган. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел ондогон короолорду каптап, көпүрөлөрдү, жолдорду, электр зымдарын жарактан чыгарган. Он адам каза болду.
30-июнда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрүп, төрт адам каза болду. Алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.