Куралбек Абдыкадыров Нарын облустук сотунун төрагасы болуп дайындалды

14:20, 05 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Фото Жогорку Сот. Куралбек Абдыкадыров

Куралбек Абдыкадыров беш жылдык мөөнөткө Нарын облустук сотунун төрагалыгына дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка Жогорку Кеңештин төрагасы Замирбек Базарбеков кол койду.

Төрага дайындалган жаңы жетекчини куттуктап, ишти мыйзамдын талаптарынын так негизинде жүргүзүүнү тапшырды.

Куралбек Абдыкадыров Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы болуп иштеген.