«Электр станциялары» ААКнын жетекчиси болуп Салават Садыракунов дайындалды. Бул тууралуу КР Энергетика министрлиги билдирди.
Министр Таалайбек Ибраев Кара-Көл шаарындагы «Электр станцияларында» болуп, жаңы дайындалган башкы директорду кесиптештерине тааныштырды.
«Электр станциялары» ААКсында 2015-жылдан бери жетектеген. Ал эми 2017-жылы «Электр станциялары» ААКнын узак мөөнөттүү өнүктүрүү жана капиталдык курулуш бөлүмүн жетектеген.
2021-жылдын 14-декабрында «Электр станциялары» ААКнын башкы директорунун орун басары, башкы дирекциясынын мүчөсү болгон.
Министр ишкананын кызматкерлери менен жолугуп, 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери тууралуу маалымат алды. Ал ошондой эле ГЭСтерди реконструкциялоо жана оңдоо иштери белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшү керектигин эскертти.
Мындан тышкары, «Электр станциялары» ААКнын Кара-Көл шаарына көчүп келишине байланыштуу жакынкы аралыкта кызматкерлер үчүн кеңсе жана турак жай комплексин курууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.