Чалдыбарда 17 жаштагы кыз дайынсыз жоголду

10:23, 05 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Панфилов районундагы Чалдыбар айылында 17 жаштагы Сажида Зайнулева дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу 24.kg агентигине SOB.KG билдирди.

Маалыматка ылайык, кыз 3-июль күнү Чалдыбар айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Туугандары милицияга арыз жазып, SOB.KG сайтына жардам сурап кайрылышкан. Ал жашыл көйнөк жана кара шым кийип алган. Балким, кара көйнөк жана кара шым болуп өзгөрдү.

Белгилери: бою 150-153 сантиметр, салмагы 55-60. Мойнунда кара так бар. Анын жүргөн жери тууралуу маалымат билгендер болсо 0555230490, 0755074720 номурларына чалып коюуну суранабыз.

Фото