18:35, 04 июля 2024, Бишкек - 24.kg
Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) Регионалдык антитеррордук түзүмдүн аткаруу комитетинин директорлугуна КР Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеевдин талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда Астанада өтүп жаткан ШКУ саммитинин жыйынында билдирди.
Садыр Жапаров бардык катышуучуларга Уларбек Шаршеевдин талапкерлигин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.
РАТС — бул ШКУнун аймактык жана глобалдык деңгээлде терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөштү координациялоочу туруктуу органы болуп саналат. Учурда түзүмдү Руслан Мирзаев жетектейт.
Эске сала кетсек, Астанада ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин (ШКУ мамлекет башчыларынын Кеңеши) жыйыны болуп, ага президент Садыр Жапаров катышты.