23:59
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Каракол шаарындыгы жети бөлмөлүү боз үй көпчүлүктү таң калтырууда

Ысык-Көл облусунда жети бөлмөлүү боз үй тигилди. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарап, көпчүлүктү таң калтырууда.

Көчмө турак жай бешинчи жолу өтүп жаткан «Улут баскан улуу жол» фестивалынын алкагында Каракол шаарынын 155 жылдыгы карата «Ысык-Көл боз үй мекени» сынагында сунушталганы белгилүү болду.

Боз үйдүн долбоорунун автору жана анын тең ээси жергиликтүү тургун Салават Имашев. Ал журналисттерге билдиргендей, жети бөлмөлүү боз үйдүн макетин алгач 2012-жылы жасаган. Идея ошол эле жылы патенттелген.

«Андан кийин каржы маселесинен улам сапаттуу боз үй тиге албай калдык. Ал Бишкектин Ала-Тоо аянтына орнотулду. Бирок кийин аны бөлүп алышкан. Мына эми 12 жылдан кийин жакшы сапатта жасоону чечип, ишке ашырышты. Боз үйдүн жети бөлмөсү бар, булар биздин аймактар. Аларды бир тундуктун астына бириктирип, ошону менен аймактардын достугун чагылдырдык», — деди Салават Имашев.

Ал ошондой эле жети бөлмөлүү боз үйдүн келечекте кандай колдонулушу боюнча варианттар каралып жатканын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар