Евро — 2024: Суперкомпьютер жаңы жеңүүчүнү кайрадан атады

13:43, 04 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Суперкомпьютер Opta Analyst Германияда 2024-жылы өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатынын негизги фаворитин кайрадан атады.

Континенталдык турнирде 1/4 финалдын бардык жуптары аныкталган, ал эми Германия жаңы фаворит катары каралып, анын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү 20 пайызга бааланган.

Алдыңкы үчтүккө Испания (19,2 пайыз) жана Англия (17,5 пайыз) командалары кирген.

Буга чейин суперкомпьютер Англия курамасын евронун негизги фаворити деп эсептеген.

Фото Opta аналитик

Чейрек финалда төмөндөгүлөр ойнойт:

5-июль. Испания — Германия;

5-июль. Португалия — Франция;

6-июль. Англия — Швейцария;

6-июль. Нидерланды — Түркия.