05:40
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Ноокаттагы сел. Өзбекстан аймакка 95 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Ош облусунун Ноокат районундагы катуу селден жабыркаган айылдарга Өзбекстандан 95 тонна гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Районго 24 тонна ун, 12 тонна күрүч, 10 тонна кумшекер жана башка азыктар алынып келинди.

Жүктү Өзбекстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Санжарбек Зупаров жетектеген делегация жеткирди. Гуманитардык жардамды КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын орун басары Акылбек Мазарипов жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ильяз Ташбаев тосуп алып, оор күндөрдө колдоо көрсөткөн өзбек элине ыраазычылык билдирди.

Жабырлануучуларга жардамды атайын түзүлгөн комиссия бөлүштүрөт.

Белгилей кетсек, 28-июнь күнү Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрүп, адамдардын өмүрү кыйылган. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел ондогон короолорду каптап, көпүрөлөрдү, жолдорду, электр зымдарын жарактан чыгарган. Он адам каза болду.

30-июнда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрүп, төрт адам каза болду. Алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинен 1-июлуна чейин Кыргызстандын аймагында 236 сел катталып, андан келтирилген чыгым 170 миллион сомдон ашык болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар