12:42, 03 июля 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-июлдан 7-июлга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.