3-июлда күтүлгөн аба ырайы

19:27, 02 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Эртең, 3-июлда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+32,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8...+13, күндүз +25...+30,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +30...+35,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26,

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +14...+16, күндүз +28...+30 градус.