18:27, 02 июля 2024, Бишкек - 24.kg
Бишкекте митинг-пикеттерди чектеген чечимдин мөөнөтү дагы үч айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-сентябрга чейин борбордук аянтта жана айрым көчөлөрдө тынч жыйындарды өткөрүүгө болбойт.
Район администрациясынын тиешелүү өтүнүчүн райондук сот 1-июлда канааттандырган.
Ар кандай акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот.