00:42
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

ӨКМ: «Тоолуу райондордо сел жүрүү коркунучу бар»

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 2-июлдан 7-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз!

арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;

турак үй жайгашкан жерде жаан суулары — агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;

Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;

сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;

мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.

Эң көп окулган жаңылыктар