19:01
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Ноокаттагы табигый кырсык. БУУнун баш катчысы көңүл айтты

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Ош облусунун Ноокат районунда болгон селге байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди.

"Бул көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген коркунучтуу табигый кырсык. Жүрөгүм ооруйт. Биз силер мененбиз. Биз сизди колдойбуз",-деди Антониу Гутерриш.

Белгилей кетсек, 28-июнь күнү Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрүп, адамдардын өмүрү кыйылган. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел ондогон короолорду каптап, көпүрөлөрдү, жолдорду, электр зымдарын жарактан чыгарган. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.

30-июнда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрүп, төрт адам каза болду. Алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Каза болгондордун жалпы саны бүгүнкү күндө он адамга жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар