Роналду менен Мбаппе: Евро 2024тө супер беттеш болот

09:35, 02 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Футбол боюнча Европа чемпионатында чейрек финалдын дагы бир жуптары аныкталды. Алар Франция менен Португалиянын командалары болушту.

Франция курамасы 1/8 финалда атаандашынын автоголунун аркасында 1:0 эсебинде жеңишке жетип, Бельгияны мелдештен чыгарды.

Португалия Словенияны пенальтилер сериясында гана жеңе алды.

Эске салсак, Килиан Мбаппе Францияда, ал эми Криштиану Роналду Португалияда ойнойт. Алар 5-июлдан 6-июлга караган түнү боло турган 1/4 беттеште ойношот.

Буга чейин төмөнкү чейрек финалдык жуптар аныкталган: Испания — Германия жана Англия — Швейцария. Кийинки этапта калган катышуучулар Румыния — Голландия жана Австрия — Түркия беттештеринде аныкталат.

Евро-2024 Германияда 14-июндан 14-июлга чейин өтөт. Чемпиондук наамы бош, анткени былтыркы кубоктун ээси Италия 1/8 финалда четтетилген.