Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов жана Көк-Жар айылдарын бириктирген көпүрөнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калыбына келтирүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Көпүрөнү сел алып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адиси Бегалы Ажиев калыбына келтирүү иштерин эки сааттын ичинде бүтүрүүнү пландап жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, 28-июнь күнү Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрүп, адамдардын өмүрү кыйылган. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел ондогон короолорду каптап, көпүрөлөрдү, жолдорду, электр зымдарын жарактан чыгарган. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бүгүнкү күнгө чейин тогуз адамдын өлүмү белгилүү.
30-июнда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрүп, төрт адам каза болду. Алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.