Кара-Кулжада сел унаадагы төрт адамды агызып кетти

14:16, 01 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Кара-Кулжада сел төрт адамды агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, селге агып кеткендердин үчөөнүн сөөгү табылган. Бир адам дале изделип жатат.

Белгилей кетсек, 30-июнь күнү Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагында саат 20:00 чамасында катуу жамгыр жаап, Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Ооз тилкесинде саат 21:50 чамасында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү (мам номери 06KG489AFT) автоунаа селдин агымына туш болуп, аны сел агызып кеткен.

Кийинчерээк куткаруучулар үч адамдын сөөгүн, ушул саатка чейин дагы бирөөнүн сөөгү табылганы айтылды.