Ош — Баткен — Раззаков унаа жолу каттам үчүн ачылды

10:34, 01 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу каттам үчүн ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун 20:30дар чамасында селден улам аталган жолдун 63-чакырымындагы Найман көпүрөсү урап түшүп, жол каттамы үзгүлтүккө учураган.

Белгилей кетсек, 28-июнь күнү Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрүп, адамдардын өмүрү кыйылган. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел ондогон короолорду каптап, көпүрөлөрдү, жолдорду, электр зымдарын жарактан чыгарган. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланган.