Бүгүн Qazaq Air авиакомпаниясынын биринчи Bombardier Q400 NextGen учагы Алматы — Ысык-Көл — Алматы багыты боюнча Ысык-Көл эл аралык аэропортуна конду. Бул тууралуу «МАМ» ААКтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчи рейс менен 73 жүргүнчү келген.
Алматдан Ысык-Көлгө учуу убактысы 35 мүнөт, кайра артка 1 саат болот.
Каттамдар дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.