03:30
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстанда жер силкинди. Жер титирөөнүн очогу Бишкектен 30 чакырымда болду

Жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан 30 чакырым түштүк-чыгышта болгон. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун сайтында маалымдалды.

Бишкекте 3 балл, Кантта 3,5 баллга жеткен силкинүү сезилди.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда саат 15.18де жер титирөө болгон. Android жер титирөө боюнча эскертүүлөр системасынын маалыматы боюнча, жер титирөөнүн күчү очогунда 4,0 баллды түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар