U-23: Азия чемпионатынын биринчи күнүндө балбандар 7 медаль алтын утту

12:47, 28 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Иорданиядагы 23 жашка чейинки (U-23) спортчулар арасындагы Азия чемпионатынын биринчи күнүндө кыргызстандык грек-рим балбандары 2 алтын, 1 күмүш жана 4 коло утту.

Алтын медалды Аманат Самат уулу (67 кг) жана Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) алып, Азия чемпиону болду.

Аркыт Орозбеков (130 кг) күмүш байге тагынды.

Ошондой эле Акыл Сулайманов (60 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Бекзат Орункул уулу (82 кг) жана Алибек Бердиев (77 кг) коло байгеге кол жеткизди.

Белгилей кетсек, Азия чемпионатынын биринчи күнүндө 7 кыргыз балбаны таймашка чыккан. Алардын баары байгелүү орундарга илинди.