21:24, 27 июня 2024, Бишкек - 24.kg
Эртең, 28-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 21...26, күндүз 33...38;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 18...23, күндүз 30...35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 21...26, күндүз 33...38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31;
Нарын облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27.
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 24...26°, күндүз 36...38° ысыйт.