А. Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрында улуттук «Эргүү» театр сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара өзгөчө форматта өтүп, ага бир катар расмий өкүлдөр катышты. Эмесе Улуттук «Эргүү» театр сыйлыгынын ээлери менен тааныштырабыз:
«Эң мыкты спектакль»:
Султан Раевдин «Күн кармаган бала» спектакли, К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры.
«Эң мыкты режиссура»:
Уланмырза Карыпбаев,
С. Раевдин «Күн кармаган бала» спектакли үчүн.
«Аялзатынын ролун эң мыкты ойногону үчүн:
Айзада Сопуева — «Күн кармаган бала» спектаклиндеги Бүсайранын ролу үчүн
«Эркектин ролун эң мыкты ойногону үчүн»:
Арнис Кыдырмышев — «Кичинекей адамдын чоң трагедиясы» спектаклиндеги Караниет, Очумелов ж.б. ролдору үчүн.
«Экинчи пландагы аялзатынын ролун эң мыкты ойногону үчүн»:
Света Абдыкадырова — «Ак кеме» спектаклиндеги Бекейдин ролу үчүн.
«Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты ойногону үчүн»:
Бакыт Жумалиев — «6-палата» спектаклиндеги Андрей Ефимычтин ролу үчүн
«Эң мыкты дебют»:
Рыскелди Тынарбек уулу, «Күн кармаган бала» спектаклиндеги баланын ролу үчүн.
«Эң мыкты сценография»:
Садыр Ниязакунов, «Күн кармаган бала» спектакли үчүн
«Эң мыкты музыкалык жасалга»:
Галина Кетова, Евгений Прокопенко
«Превратности женщины» спектакли
«Эң мыкты улуттук пьеса»:
«Мекенимдин ташы» драма
(автор Жаныш Кулмамбетов).
«Балдар үчүн коюлган эң мыкты спектакль»:
«Падыша Салтан жөнүндө жомок» спектакли, М. Жангазиев атындагы кыргыз мамлекеттик куурчак театры.
«Эң мыкты чет өлкөлүк спектакль»:
«Кулагер» спектакли
Казакстан мамлекеттик академиялык Г. Мүсүрөпов атындагы жаш көрүүчүлөр театры.
«Улуттук театр өнөрүнө кошкон өзгөчө салмы үчүн»:
Ольга Жигулёва, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.
«Аймактык театр өнөрүнө кошкон зор салымы үчүн»:
Шайырбүбү Супатаева, актриса
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры.
«Театр өнөрүнө арналган үзүрлүү эмгеги үчүн»:
Минавар Алимова,
С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын музыкалык бөлүмүнүн башчысы.
«Жаштар ойногон эң мыкты спектакль. Кенже эргүү»:
«Эрте келген турналар»
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын театралдык окуу жайынын спектакли.
«Театр искусствосун массалык-маалымат каражаттарында эң мыкты чагылдыргандыгы үчүн»:
Аида Шекенова, журналист, ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы.