Улуттук «Эргүү» театр сыйлыгынын ээлери аныкталды

10:10, 27 июня 2024, Бишкек - 24.kg

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрында улуттук «Эргүү» театр сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара өзгөчө форматта өтүп, ага бир катар расмий өкүлдөр катышты. Эмесе Улуттук «Эргүү» театр сыйлыгынын ээлери менен тааныштырабыз:

«Эң мыкты спектакль»:

Султан Раевдин «Күн кармаган бала» спектакли, К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры.

«Эң мыкты режиссура»:

Уланмырза Карыпбаев,

С. Раевдин «Күн кармаган бала» спектакли үчүн.

«Аялзатынын ролун эң мыкты ойногону үчүн:

Айзада Сопуева — «Күн кармаган бала» спектаклиндеги Бүсайранын ролу үчүн

«Эркектин ролун эң мыкты ойногону үчүн»:

Арнис Кыдырмышев — «Кичинекей адамдын чоң трагедиясы» спектаклиндеги Караниет, Очумелов ж.б. ролдору үчүн.

«Экинчи пландагы аялзатынын ролун эң мыкты ойногону үчүн»:

Света Абдыкадырова — «Ак кеме» спектаклиндеги Бекейдин ролу үчүн.

«Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты ойногону үчүн»:

Бакыт Жумалиев — «6-палата» спектаклиндеги Андрей Ефимычтин ролу үчүн

«Эң мыкты дебют»:

Рыскелди Тынарбек уулу, «Күн кармаган бала» спектаклиндеги баланын ролу үчүн.

«Эң мыкты сценография»:

Садыр Ниязакунов, «Күн кармаган бала» спектакли үчүн

«Эң мыкты музыкалык жасалга»:

Галина Кетова, Евгений Прокопенко

«Превратности женщины» спектакли

«Эң мыкты улуттук пьеса»:

«Мекенимдин ташы» драма

(автор Жаныш Кулмамбетов).

«Балдар үчүн коюлган эң мыкты спектакль»:

«Падыша Салтан жөнүндө жомок» спектакли, М. Жангазиев атындагы кыргыз мамлекеттик куурчак театры.

«Эң мыкты чет өлкөлүк спектакль»:

«Кулагер» спектакли

Казакстан мамлекеттик академиялык Г. Мүсүрөпов атындагы жаш көрүүчүлөр театры.

«Улуттук театр өнөрүнө кошкон өзгөчө салмы үчүн»:

Ольга Жигулёва, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.

«Аймактык театр өнөрүнө кошкон зор салымы үчүн»:

Шайырбүбү Супатаева, актриса

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры.

«Театр өнөрүнө арналган үзүрлүү эмгеги үчүн»:

Минавар Алимова,

С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын музыкалык бөлүмүнүн башчысы.

«Жаштар ойногон эң мыкты спектакль. Кенже эргүү»:

«Эрте келген турналар»

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын театралдык окуу жайынын спектакли.

«Театр искусствосун массалык-маалымат каражаттарында эң мыкты чагылдыргандыгы үчүн»:

Аида Шекенова, журналист, ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы.