18:17
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

ЖК комитети Мелис Тургунбаевди Улуттук банктын төрагалыгына бекитти

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Улуттук банктын төрагалыгына Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин жактырды.

Эми бул маселе парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 26-июнда президент Садыр Жапаров Мелис Тургунбаевди 2023-жылдын мартынан бери иштеп келген жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотту.

Мелис Тургунбаев тууралуу эмнелер белгилүү

Ал 42 жашта. Борбордук Азиядагы Америка университетин бүтүргөн. Экономика илимдеринин доктору, доцент. Лондон бизнес мектебинин Лидерлик жана стратегия боюнча Слоун магистратура программасынын бүтүрүүчүсү (2022-2023).

Иш тажрыйбасы:

2002-2006-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, жетектөөчү адис;

2006-2015 — Газпром Нефть Азия, рынокту талдоо жана баа бөлүмүнүн башчысы;

2015-2020 — Газпром Кыргызстан, филиалдын директору;

2013-2021 — «Кыргызнефтегаз» ААК, директорлор кеңешинин мүчөсү, директорлор кеңешинин төрагасы, башкармалыктын төрагасы;

2021-2023 — «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы», директорлор кеңешинин мүчөсү.

2023-жылдын 15-мартынан тарта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеген.

Мелис Тургунбаев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылында туулган.

Үй-бүлөлүү, төрт баласы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар