11:30, 26 июня 2024, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасын өз каалоосу менен кызматтан кетүүсүнө макулдук берди. Бул тууралуу маселе бүгүн, 26-июнда парламенттин жалпы жыйынында каралды.
Аталган маселе боюнча президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.
Жогорку Кеңеш Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагасы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту.