15:21
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

ЖК Улуттук банктын төрагасын мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасын өз каалоосу менен кызматтан кетүүсүнө макулдук берди. Бул тууралуу маселе бүгүн, 26-июнда парламенттин жалпы жыйынында каралды.

Аталган маселе боюнча президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Жогорку Кеңеш Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагасы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту.

Эң көп окулган жаңылыктар