Каныбек Иманалиев мамлекеттик китепканаларга иштөө эркиндигин берүүнү суранды

15:20, 25 июня 2024, Бишкек - 24.kg

«Ыйман нуру» парламенттик фракциясынын жыйынында Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев мамлекеттик китепканаларга иштөө эркиндигин берүүнү суранды.

Буга байланыштуу ал өкмөттүн китепканалар боюнча токтомуна өзгөртүү киргизүүнү өтүнөт. Жазуучулар союзунун төрагасынын айтымында, бүгүнкү күндө республика боюнча 4 миң 700 китепкана бар.

«Алардын эмгегине, кызматтарына мамлекет тарабынан эбегейсиз чоң каражат бөлүнөт, бирок алар элдин кызыкчылыгы үчүн иштебейт. Биз аларга көбүрөөк эркиндик беришибиз керек. Китепканачылар мамлекеттик кызматкер катары жумушка саат 9.00дө келип, 17.00дө жабылат, алар дем алыш күндөрү иштебейт. Эми эксперимент катары Каракол менен Нарында китепканалар ачылды. Бирок башка өлкөлөрдө алар суткасына 24 саат иштешет, бул коворкингдин бир түрү. Ал жактагылар кофе ичип, баарлашып, шахмат ойноп, албетте китеп окушат», — деди ал.

Белгилей кетсек, «Ыйман нуру» парламенттик фракциясынын жыйыны Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган.