01:19
USD 87.45
EUR 103.14
RUB 1.15

Баткен облусунун башчысы аймактагы селге байланыштуу ыкчам штаб өткөрдү

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн, 25-июнда район акимдери, шаар мэрлери жана облустук жарандык коргонуу кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда селдин кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штаб өткөрдү. Бул тууралуу облус өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткенде селден улам 1 миңден ашык тургун эвакуацияланган. Жеңиш айылынан каза болгон беш жаштагы баланын жансыз денеси саат 23.45те табылып, дарыгерлерге өткөрүлүп берилди. Кырсыктан 70 жаштагы жергиликтүү тургун да жабыркаган. Ал ооруканага жаткырылган, абалы оор. Ошондой эле сел 8 баш бодо малды жана 42 баш майда малды агызып кеткен.

Облус башчысы айылдарды ирээтке келтирүү, таза суу, электр жарыгын калыбына келтирүү, күнүмдүк жашоого шарт түзүп, жарандарга психологиялык колдоо көрсөтүү үчүн бардык керектүү техникаларды тартууну тапшырды.

Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунда болгон селдин кесепетинен 47 турак жай, 113 огород, 5 социалдык объект, футбол аянтчасы, 17 чарбалык унаа жолу, бир трансформатор, беш көпүрө жараксыз абалга келген.

Айылдарды тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Аймакта жолдор ачык.

Эң көп окулган жаңылыктар