Кадамжай районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

11:17, 25 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Селден улам Баткен облусундагы Кадамжай районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, күн мурун, 24-июнда Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн.

Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1 миңге жакын жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлдү.