17:18, 24 июня 2024, Бишкек - 24.kg
Астанада өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 89 өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу Казакстандын Туризм жана спорт министринин орун басары Серик Жарасбаев билдиргендигин коңшу өлкөнүн ЖМКлары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, оюндарга катышуучулардын саны 2,5 миң адамга жетет деп күтүлүүдө. Бүгүнкү күндө 89 өлкө катышуусун ырастады.
«Шаардык акимчилик менен макулдашуу боюнча 32 мейманкананы даярдап жатабыз. Бардык спортчулар үчүн шарттар түзүлгөн. Астана шаарындагы спорттук инфраструктурага «бир линия» түшүнүгү колдонулат. Кабанбай жана Туран көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан спорттук имараттар колдонулат. 7 негизги спорт объектилери даяр. Алардын бири «Астана Арена». Ачылыш аземи 8-сентябрда ошол жерде болот».
Серик Жарасбаев
Эске салсак, быйыл 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Казакстанда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Оюндар спорттун 21 түрү боюнча өткөрүлөт. Анын жарымы улуттук спорт, калганы түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук спорт түрлөрү болуп саналат.
Мындан тышкары Астанада илимий-практикалык конференция өткөрүү пландалууда. Ал «Спорт жана илим», «Тарых жана маданият», «Көчмөндөр оюндарынын тамактары» багыттары боюнча өтөт.