Президент Садыр Жапаров 24-июнда Бельгияга иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында, 24-26-июнда мамлекет башчы Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев;
— президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Бельгия, Нидерланды жана Люксембургдагы элчиси ишин айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Европа биримдигиндеги туруктуу өкүлү Айдит Эркин;
— транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;
— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
— финансы министринин орун басары Руслан Татиков.