Беш айда ММК фондуна 178 миллион сом түшкөн

15:56, 24 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Үстүбүздөгү жылдын беш айында ММК фонду 70 миңге жакын адамды 178 миллион сомго камсыздандырды. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасы Азамат Муканов Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, былтыр Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан 166 миллион сомго 66 миң полистер сатылып алынган.

Ал эми 2022-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу мыйзамы күчүнө киргенге чейин 7 миң гана адам камсыздандырылган жана алардан фонддун бюджетине 16 миллион сом түшкөн.