Бишкекте көп кабаттуу үйдүн өрт чыкты

13:55, 24 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, ӨКМге Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 12-кабатынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 12:04төн тарта 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган. Кошумча маалымат берилет.