Кызыл-Кыяда өспүрүм дүкөндөн оюн жабдыктарын жана телефондорду уурдап кеткен

13:12, 24 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Кызыл-Кыя шаарында телефон жана оюн приставкасын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 37 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, белгисиз адам дүкөндүн чатыры аркылуу кирип, ПС-5 оюн консолун жана 5 iPhone телефонун уурдап кеткенин билдирген.

Фото Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

Жабырлануучу келтирилген чыгымды 400 миң сомго баалаган. Арыз КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «Уурдоо» боюнча катталган. Сотко чейинки териштирүүлөр башталды.

Шектүүнүн негизинде ыкчам иликтөө кызматкерлери Ноокат районунун 16 жаштагы тургунун кармашкан. Ал тергөө кызматына жеткирилген. Уурдалган буюмдар ээсине кайтарылып берилди. Учурда тергөө иштери уланууда.