Бишкек — Ош унаа жолу бүгүн, 24- июнда саат 8:00дө толук тазаланып, эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ аталган унаа жолдун 374-375-чакырымында нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүп, 6 тилкеден таш кулап жолду жаап калган.
Жеринде түнү менен Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жалпы 5 техника тартылып, жолду тазалоо иши жүрдү.