20:54, 21 июня 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын абитуриенттери арасында 2024-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болуп, эң жогорку упай 234тү түздү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Эң жогорку 234 упайды Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу — Аминат Гордаева, Бишкек шаарындагы № 29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү — Максат Оморов жана Талас облусундагы «Мээрим-Себат» Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин окуучусу — Элнура Эркинбекова алды.
«Алтын сертификат» алуу укугуна Бишкек шаарынан — 34, Чүй облусунан — 7, Ош шаарынан жана Ош облусунан — 6, Жалал-Абад облусунан — 3, Нарын облусунан — 3, Талас облусунан — 2 жана Баткен облусунан — 1 окуучу ээ болду.
Тизме: аты-жөнү, упайы, мектеби:
Аминат Гордаева (234) — Бишкек ш., Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектеби;
Максат Оморов (234) — Бишкек ш., № 29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси (былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү);
Эльнура Эркинбекова (234) — Талас обл., «Мээрим-Себат» Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейи;
Самарбек Абдиманнанов (232) — Баткен обл., «Семетей» Кадамжай лицейи;
Рамазан Айдарбеков (231) — Нарын обл., М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи;
Дарина Дудникова (231) — Бишкек ш., № 65 Экология-экономикалык лицейи (былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү);
Исабек Сатимбаев (231) — Ош обл., «Олимп» мектеп-гимназиясы;
Баястан Сталбеков (231) — Жалал-Абад обл., Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
Бек Темиркулов (231) — Чүй обл., Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейи;
Асхат Бекмухамбетов (230) — Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
Шабдан Жантаев (230) — Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
Ричард Инаркиев (230) — Бишкек ш., «Келечек» окуу-тарбия комплекси;
Нуржан Абазбеков (229) — Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
Айназик Абдыжапарова (229) — Ош обл, «Профессор Купуев П.К. атындагы Академиясы» мекемеси;
Эльмар Бозоев (229) — Бишкек ш., «Билимкана» Эл аралык мектеби;
Айганыш Дөөлөтбекова (229) — Нарын обл., А.Буйлашов атындагы № 8 орто мектеби;
Дарья Ли (229) — Бишкек ш., № 70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
Жумадил Ниязбеков (229) — Бишкек ш., былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү;
Актан Асаналиев (228) — Бишкек ш., былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү;
Индира Мажитова (228) — Ош ш., А.Тангатаров атындагы мектеп-гимназиясы;
Айбек Осмонбаев (228) — Бишкек ш., № 70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
Самир Сабиров (228) — Бишкек ш., № 70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
Бекзат Ыдырысов (228) — Бишкек ш., № 67 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
Ясин Абдурахманов (227) — Чүй обл., Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи;
Арслан Алымбеков (227) — Бишкек ш., № 62 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
Карим Асылбеков (227) — Бишкек ш., Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк балдар лицейи;
Арзыбек Сулаев (227) — Чүй обл., былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү;
Элдос Тургамбаев (227) — Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
Дмитрий Царенков (227) — Бишкек ш., И.Раззаков атындагы КМТУнун лицейи;
Дилбара Акжигитова (226) — Бишкек ш., И.Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы лицей;
Эсентур Асанкулов (226) — Чүй обл., А.Пушкин атындагы № 1 гимназия-мектеби;
Азамат Баргыбаев (226) — Бишкек ш., А.Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназия;
Сыймык Жусубалиев (226) — Бишкек ш., Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк балдар лицейи;
Жамиля Камбараалиева (226) — Бишкек ш., К.Бобулов атындагы № 88 жалпы орто билим берүү мектеби;
Айдана Камчибекова (226) — Бишкек ш., былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү;
Байзак Карыпжанов (226) — Талас обл., «Манас Ата» Талас лицейи;
Алмаш Мамасалиева (226) — Ош обл., Б.Келдибаев атындагы № 25 орто мектеби;
Нурзат Маматбаева (226) — Ош обл., «Араван Билим-Ордо» билим берүү мекемеси;
Айсулу Осукеева (226) — Чүй обл., Новопавловка гимназия орто мектеби;
Каухар Чойбаева (226) — Бишкек ш., № 13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы;
Никита Шмыговский (226) — Бишкек ш., № 12 мектеп-гимназиясы;
Шерболот Абдимиталипов (225) — Ош обл., «Олимп» мектеп-гимназиясы;
Темирлан Асанов (225) — Бишкек ш., А.Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназия;
Тенгиз Валиев (225) — Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
Бермет Джолоочуева (225) — Бишкек ш., «Билимкана-БААУ» билим берүү мектеби;
Бектемир Доронбеков (225) — Жалал-Абад обл., Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
Жанбол Жаркынбаев (225) — Нарын обл., былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү;
Сапарбек Кадырбеков (225) — Жалал-Абад обл., Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
Темирлан Карабаев (225) — Чүй обл., Новопавловка гимназия орто мектеби;
Айтуар Карабаев (225) — Бишкек ш., № 62 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
Никита Михайлов (225) — Чүй обл., А.Пушкин атындагы № 1 гимназия-мектеби;
Салтанат Пазылбекова (225) — Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
Асанбек Туратов (225) — Бишкек ш., № 12 мектеп-гимназиясы;
Рамир Хуснияров (225) — Бишкек ш., № 37 гимназия-мектеби;
Байэл Чолпонкулов (225) — Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
Ширин Шакирова (225) — Бишкек ш., Бишкек ш., № 9 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.