22-июнга карата аба ырайы

18:07, 21 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Эртең, 22-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18...+23, күндүз +30...+35,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +15...+20, күндүз +28...+33,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19...+24, күндүз +31...+36,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +21...+26,

Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26.

Бишкекте күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +20...+22, күндүз +32...+34 градус ысык.