16:18, 21 июня 2024, Бишкек - 24.kg
Шаардык кеңештин депутаты Казыбек Эргешов борбордо чогулган салыктын 40 пайызын Бишкекке калтырууну суранды. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак» фракциялары менен «Мекенчил» депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жылы 32,5 миллиард сомдук шаардын консолидацияланган бюджети бекитилген. Бул суммага Бишкекке кошулган айыл аймактарынын бюджети камтылган, ал 868 миллион сом болуп саналат. Республикалык бюджеттен которулган дээрлик 7 миллиард сом баардыгы билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө жана автобустарды сатып алууга жумшалат. Бул суммага Ак-Кула ипподрому сыяктуу ири объектилерди сатуудан түшкөн киреше да кирет, анын болжолдуу баасы 8 миллиард 731 миллион сомду түзөт.
«Бишкек жыл сайын 100 миллиард сомдон ашык салык төлөмдөрүн чогултат, борбордо бул сумманын 11,5-12 пайызы гана калууда. Ал эми КМШнын коңшу шаарларында бул көрсөткүч 50 пайызга жетет. ААРдан кийин борбордун аянты үч эсеге көбөйөт, демек, өнүктүрүүгө жана көрктөндүрүүгө каражат жетиштүү болушу үчүн бюджет дагы бирдей көбөйүшү керек», — деди Казыбек Эргешов.
Ал депутаттардан жана министрлер кабинетинин өкүлдөрүнөн салыктык түшүүлөрдү бөлүштүрүүдө пайызды жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурууну суранып, борбор калаада чогултулган салыктын 40 пайызынан кем эмесин Бишкекке түшүшүн өтүндү.
Белгилей кетсек, бүгүн жыйында мэр Айбек Жунушалиев эл депутаттарына Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык абалы, аны өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар, жетишкендиктер жана көйгөйлөр боюнча баяндама жасап, ошондой эле административдик-укуктук актылардын аткарылышынын жүрүшүнө токтолду.