11:38, 21 июня 2024, Бишкек - 24.kg
Биздин башкы максатыбыз — кирешени көбөйтүү жана шаардын көйгөйлүү маселелерин чечүү болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Учурда шаар башчысы Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарган иштери жөнүндө айтып берүүдө.
Анын айтымында, Бишкек шаары Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошуп, ички дүң продукциянын 40%ын камсыз кылып келет. Ушуга байланыштуу бул жылга кирешелерди чогултуу боюнча чоң план коюлган.
«2024-жылга биздин башкы максатыбыз — кирешени көбөйтүү жана шаардын көйгөйлүү маселелерин чечүү. Буга байланыштуу бул жылы кирешелерди чогултуу боюнча чоң план бар. 2024-жылдын бюджетинин консолидацияланган киреше бөлүгү, аймактык айылдарды эске алуу менен 2024-жылы 32,5 млрд сом киреше түшүүсү күтүлүүдө, ал 2023-жылга салыштырмалуу 10,6 млрд сомго көп.
Аткаруу боюнча 2024-жылдын 1-июнуна карата кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 7,2 млрд сомду түздү. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу иш жүзүндө түшүүлөр 23,4 пайызга жогорулады, башкача айтканда 1,4 млрд сомго көбүрөөк түштү»-деди Жунушалиев.
Ошондой эле калаа башчысы салыктык эмес кирешелерди 50% га көбөйтүү пландалып жатканын кошумчалады.