Ошто шылуундар колдонгон сим-карта терминалы табылды

11:18, 21 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Ошто 22 жаштагы жигит SIM слоттору үчүн жабдылган терминалды колдонгон. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аппарат алдамчылар жана террористтер тарабынан колдонууга арналган.

«Шектүүнүн үйү тинтүүгө алынды. Биз ар кайсы операторлордун 19 SIM слотунан, 8 компьютерден, 2 ноутбуктан жана 2 миңден ашык сим-картадан турган мыйзамсыз терминалды таптык. Терминалдын жардамы менен алар социалдык түйүндөрдө, мобилдик мессенджерлерде фейк аккаунттарды катташкан, банктык эсептерди жана электрондук капчыктарды ачып, алар интернетте алдамчылык, жалган маалымат таратуу, криптовалютаны уурдоодо колдонулган. Терминалды экстремисттик жана террористтик уюмдардын мүчөлөрү колдонушу мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана жүгүртүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Терминал көп сандагы сим-карталарды туташтыруу жана сактоо, ошондой эле бир жолку СМС активдештирүү коддорун алуу мүмкүнчүлүгү бар бирдиктүү интеграцияланган техникалык каражаттардын комплекси экенин УКМК белгиледи.

Аныкталган терминал мыйзамсыз сайттын көптөгөн дилердик пункттарынын бири болгон.