НАТОнун жаңы башчысы дайындалды

09:05, 21 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Түндүк атлантикалык альянсты Голландиянын мурдагы премьер-министри Марк Рютте жетектейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, анын талапкерлигин Түндүк Атлантика альянсына мүчө болгон 32 өлкөнүн баары колдоду.

Расмий дайындоо уюмдун июль айында Вашингтондо өтө турган саммитинде болот. НАТОнун жаңы башчысы кызматына 2-октябрда киришет. Рюттенин кызмат мөөнөтү беш жыл болот.