Жоламан Шаршенбеков Польшадагы мелдеште алтын медаль утту

08:55, 21 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирде алтын медаль жеңди.

Мелдештер 19-июнда башталып, 24-июнга чейин Польшанын Варшава шаарында уланып жатат.

Кыргыз балбаны финалга чейин алжир жана польшалык спортчуларды артка калтырган.

Шаршенбеков финалда украиналык спортчуну 9:1 эсебинде утуп, алтын медалга татыды.