18:33, 20 июня 2024, Бишкек - 24.kg
Эртең, 21-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17...22, күндүз 31...36;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18...23, күндүз 31...36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 22...27;
Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29 градус жылыйт.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19...21°, күндүз 33...35 градус ысык болот.