Акылбек Жапаров: Президенттин командасы жана депутаттар дүйнө рыногуна жол ачты

13:39, 20 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровду жана эл өкүлдөрүн Петр I менен салыштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы парламенттин 7- чакырылышы тарыхый долбоорлор болгон Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун жана Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча маанилүү чечимдерди кабыл алганы үчүн тарыхта каларын баса белгиледи.

«Бир убакта Петр I Европага терезе ачкан башкаруучу катары даңкталган. Ал эми президенттин командасын дүйнөлүк рынокко кенен жол ачкандар менен салыштырсак болот», — деди Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, административдик-аймактык реформа калкты тейлөөнүн деңгээлин жакшыртат, социалдык объектилерди куруу жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелери чечилет.

Министрлер кабинетинин башчысы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча келишимди ратификациялаганы жана ААР боюнча мыйзам долбоорун кабыл алганы үчүн мамлекет башчынын атынан, жеке өзүнүн атынан парламентке ыраазычылык билдирди.