Евро-2024: Германия курамасы мөөнөтүнөн мурда плей-оффко чыкты

12:12, 20 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатында 2-тур оюндары уланып жатат.

Германия курама командасы Евро-2024 турниринин А тайпасынын 2-турунда Венгрияны 2:0 эсебинде утуп алды. Жамал Мусиала менен Йылкай Гүндогандын голдору менен немистер ыңгайлуу артыкчылыкка жетишти.

Ошентип, Юлиан Нагельсмандын командасы эки беттешүүдө алты упайга ээ болуп, өз тайпасында алдыңкы орунга чыкты.