Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамы ачылат

16:56, 19 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, казакстандык авиакомпания 9-июлдан тарта Астана-Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамын аткарат.

Эске салсак, Бишкектен Астанага учуу убактысы 1 саат 45 мүнөттү түзөт. Каттам жумасына эки жолу — шейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.