Депутат Медер Алиев кесиптештери этиканы сактабай жатканына нааразы болду

15:50, 19 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев кесиптештери этиканы сактабаганына нааразы болду.

Эл өкүлү депутаттарды ЖКнын регламентин жана депутаттык этика кодексин сактоого чакырды. Медер Алиев парламент эң жогорку мыйзам чыгаруу органы экенин баса белгиледи.

«Бул бирөөнүн жеке дүкөнү же кандайдыр бир бизнес компаниясы эмес. Бүткүл дүйнө бизди — башка өлкөлөрдөн келген кесиптештер, саясий элита карап турат. Акыркы жолу мага абдан жагымсыз жагдай болду. Регламенттин талабына ылайык мен биринчи окууда мыйзам долбоорумду коргодум. Ушул маалда бир-эки кесиптеш мыйзамды бузуп: «Келгиле, добуш берүүгө өтөлү. Аз убакыт калды» дешет. Мындай болбойт да кесиптештер. Бул сиздин жеке компанияңыз эмес», — деди ал.

Бүгүнкү жалпы жыйында депутаттар «Депутаттык этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун карап, аны кабыл алышты.