15:19, 19 июня 2024, Бишкек - 24.kg
1. Адам көргөн түштөрүнүн 90 пайызын унутуп калат.
2. Күз менен салыштырганда жазында дем алуунун тездиги үчтөн бир эсе көбүрөөк болот.
3. Адамдын денесиндеги жылуулуктун 80 пайызы баштан чыгат.
4. 4 жаштагы бала күнүнө орточо эсеп менен 450 суроо берет.
5. Дене салмагынын 1 пайызына тең суу жоготкондо адам суусап, чөлдөй баштайт. Бул көрсөткүч 5 пайыздан ашса, эсин жоготуп, ал эми 10 пайыздан ашса, өлүп калуусу мүмкүн.
6. Сиз кызарган кезде ашказан да кызарат.
7. Адам — чалкасынан жатып уктаган жалгыз тиричилик ээси.
8. Өбүшкөн кезде адамдан экинчи бир адамга 278 бактерия берилет. Бир кызыгы алардын 95 пайызы коопсуз.
9. 3 айдан ашкандан кийин түйүлдүктө манжалар пайда боло баштайт.
10. Адам мээсинин сыйымдуулугу 4 терабайттан ашык.
11. Сологойлор менен салыштырганда, оң колу менен көп жумуш жасагандар 6 жылга узак өмүр сүрүшөт.
12. Эркектерге караганда аялдардын жүрөгү бат-баттан кагат.