Жыпариса Рысбекова жаңы кызматка дайындалды

11:21, 19 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Жыпарыса Рысбекова президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары — тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду

Эске сала кетсек, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун буйругу менен Жыпарыса Рысбекова Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулган. Ал 2024-жылдын март айынан бери иштеп келаткан.