10:04, 19 июня 2024, Бишкек - 24.kg
Владимир Путин Кыргызстандын жаңы элчиси кылып Сергей Вакуновду дайындады. Башка жарлык менен Николай Удовиченко бул кызматтан бошотулду. Тиешелүү токтомдор укуктук актылардын расмий порталында жайгаштырылган.
«Николай Николаевич Удовиченко Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисинин милдеттерин аткаруудан бошотулсун... Вакунов Сергей Иванович Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалсын», — деп айтылат документте.
Буга чейин Сергей Вакунов Россия Федерациясынын президентинин аппаратында иштеген.